РУС ENG

Консулдук кызмат

ОШ ШААРЫ

Ош – Кыргызстандын аймагындагы байыркы жана чондугу боюнча экинчи шаар. Шаар Кичи-Алай тоо кыркасынын тундук этиндеге Фергана ороонунун четинде дениз денгээлинен 1000 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан. Ош уч тарабынан бул тоо кыркасынын тарамдары менен курчалган, ал эми шаардын борборунда 100 метрден ашуун бийиктикте Сулайман тоосу бар. Анын чыгыш чокусунда дээрлик 150 м бийиктикте архитектура эстелиги жана шаардын эн кооз жерлердинин бири Сулайман Такты мечити курулган. Сонку он жылдыкта бул курулуш Темирдин (Тамерлан) урпагы Мухаммад Захириддин Бабурдун ысымы менен байланышкан жана Бабурдун уйу деп аталган. Ош шаарынын аксакалдары айткан элдик уламышта томонкудой айтышат.
Бир жолу Сулайман пайгамбар Ош тоосунун чокусунда сыйынган. Ал тизеси ташка коюп, башы жерге тийгенге чейин кудайга сыйынган. Сулайман пайгамбардын чекесинин жана тизесинин таштагы издери кылымдар бою туболокко калган. Ошол мезгилден бери Сулаймандын таштагы издери ыйык жер болуп эсептелет жана элде Сулаймандын издери «Кадам-Жай» деп аталат, ал эми тоо болсо Сулайман пайгамбардын урматына «Сулайман Тактысы» деп аталып калган.

Министерство иностранных дел Кыргызской Республики

Кыргыздипсервис

(с) 2008 гг.

Hosted by uCoz